Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Жалал-Абад облусунда командалык –штабдык машыгуу өткөрүлүүдө

17.05.2018

2018-жылдын 16-майынан 18-майына чейин Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - Жарандык коргонуу башчысынын жетекчилиги астында “Өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгондо жана өзгөчө кырдаалдар болгондо Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын кызматтарынын аракети” деген темада Жалал-Абад облусунун башкаруу органдары менен командалык-штабдык машыгуу өткөрүлүүдө.

 Аталган машыгуу эки этапта өтмөкчү. 1-этабы 16-майдан 17-майга чейин, ал эми 2-этабы 17-18-май күндөрү.

Машыгуунун максаты Жалал-Абад облусунун аймагында табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар болгон учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, кызматтарынын иш-аракет жүргүзүүсүн, эвакуация пландарынын толуктугун жана тууралыгынын абалын аныктап чыгуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда, күчтөрдү жана каражаттарды колдонууну уюштурууда кызматтын жетекчилеринин башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн практикалык тажрыйбасын өрчүтүү болуп эсептелинет.

Машыгуунун негизинде областтык Жарандык коргонуу боюнча жетекчилик курамы, облустук Жарандык коргонуу жана көчүрүү комиссиялары  2018-жылдын 16-майында саат 06-00дө  башталган “жыйын” сигналы аркылуу  областтык штабка чогултулуп, машыгууну өткөрүү мерчеминин негизинде тапшырмалар коюлуп, пландык иш-чаралар жүргүзүлгөн.

         Бүгүн, 17-май күнү командалык-штабдык окуунун экинчи этабында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис иш-аракеттерди көрүү боюнча практикалык жумуштар аткарылды.

            Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасынын ЖИВПРОМ участогундагы Көк-Арт дарыясынын №10 дамбага жакын жайгашкан турак үйлөрдү жана ички чарбалык жолдорду, айыл чарба жерлерин сактоо максатында темир бетон жана кыркынды таштар менен бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

 

Андан кийин, машыгуунун планы боюнча, 2018-жылдын 17-майында Сузак районунун аймагындагы Сары-Булак айылында жер көчкү жүрүп, Көк-Арт дарыясынын нугун тосуп калган. Топтолгон суунун көлөмү 1,5 млн.м3 түздү.  Аталган кооптуу жер ачылып кетүү коркунучунда Сузак районунун аймагында төмөнкү иш –чаралар өткөрүлдү:

Жабыркаган калкты эвакуациялоо иш-чаралары  жүргүзүлүп, талаа медициналык жана жабыр тарткан калкты жайгаштыруу пунктарын уюштурулду.

   

Машыгуунун жүрүшүндө табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо жана коркунучу келип чыкканда Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерин (АСДНР) жүргүзүүдөгү жана облустун аймагындагы жапа чеккен адамдарды кабыл алуудагы, аларды жайгаштыруудагы жана ар тараптуу камсыздоо боюнча уюштуруу иш-чараларын практикалык түрдө көрсөтүштү.

 

 Машыгуу 18-май күнү жыйынтыкталат.

 

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

         

 

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы