Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Министр Нурболот Мирзахмедов Өзгөн районуна барды

16.05.2018

Бүнүн, 2018-жылдын 16-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районун Коммунист Тынчтык, Обком, Кирпичный тилкелериндеги селдин кесепеттерин жоюу боюнча аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көзөмөлдөдү.

Иш–сапардын жүрүшүндө министр Н.Мирзахмедов, министрликтин облустук   башкармалыгынын башчысы полковник Сабиржан Курбанбаевге селдин кесепеттерин жергиликтүү бийлик менен биргеликте жоюу боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү тапшырды. Буга чейинки берилген шашылыш билдирүүлөргө көңүл бурбай, өз иштерине шалаакылык менен мамиле жасаган мекеме - ишканалардын жетекчилерине карата иликтөөлөрдү жүргүзүп, аларга чара көрүү боюнча райондук мамлекеттик администрация менен биргеликте өздөрүнөн жогору турган жетекчиликтерине сунуш берүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында 2018-жылдын 13-май күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып Коммунист Тынчтык, Обком, Кирпичный тилкелеринде 10 турак үйдүн ичине, 82 турак үйдүн короосуна жана 1,3 га жер тилкедеги эгилген эгиндерди суу каптаган. КР ӨКМнин №53 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч, 1 экскаватортартылган.   

15-май күнү тартылган күчтөрдүн жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 16-май күнү иш-чаралар улантылууда.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы