Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ош облусуна болгон иш-сапарын Кара-Кулжа районунан баштады

16.05.2018

Бүгүн, 2018-жылдын 16-май күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча маселелерди жөнгө салуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов иш-сапарда жүрөт.

Иш-сапардын жүрүшүндө министр селден жабыркаган каналдын абалы менен таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кара-Кулжа районунун акими Пиримберди Дыйканов селдин кесететинен жабыркаган каналдарды калыбына келтирүү маселесин айтты.

Министр Нурболот Мырзахмедов Министрликтин облустук башкармалыгынын башчысына маселени биргелешип чечип, абалды калыбына келтирүү боюнча тапшырма берди.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагы. 2018-жылдын 13-14-май күндөрү катуу нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн селдин суусу Ак-Турпак каналына батпай ашып, Октябрь айылынын Терек-Суу чегиндеги 2 турак жайдын ичине, 11 үйдүн короо-сарайларына сел суулары кирген.  Ошондой эле, ички чарбалык унаа жолунун 1 чакырым аралыгынын айрым жерлерин жараксыз абалга келтирген.

         Кырысыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, №26 ЖТИнан 1 грейдер, 1 самосвал тартылган.

         14-май күнү тартылган техникалардын жардамында 1 чакырым аралыктагы ички чарбалык унаа жол калыбына келтирилген. Ошондой эле, тийиштүү Жарандык коргонуу башчыларына, айыл өкмөт башчысына карамагында турган арык, каналдарды, суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү милдеттендирилген.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы