Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

14.05.2018

2018-жылдын 14-май саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

         2018-жылдын 14-16-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: 14-16-майларда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-15-майларда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. 14-майда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

         14-15-майларда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 14…19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 18…23°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 10…15°, бийик тоолуу райондордо 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 14-16-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү  жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү күтүлөт. 

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 10-май күнү №02-34/374-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

Баткен облусу

         Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 13-май күнү саат 16:33 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен саат 17:15 чамасында Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Чимген айылында 2 турак үйдү суу каптаган жана 15 турак үйдүн короосун суу каптаган. Ошондой эле Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Акчайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө суу кирген жана Караташ айылында ички чарбалык унаа көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Ак-Суу айылы менен Каракамар айылын байланыштырып турган КР Унаа жана жол министрлигине караштуу №13 Жол тейлөө ишканасынын балансындагы ички чарбалык жолдун 4 чакырым аралыгын сел суусу жууп кетип, жол каттамы жабылган. Ак-Суу айылынан 7 бодо малды жана 2 электр мамычасын сел суулары агызган.

         КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин №74 өрт-куткауу бөлүгүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Тоо-кен кырсыктарынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик взводунан 6 куткаруучу, №13 ЖТИден 1 жүктөгүч жана РЭСтен 1 ыкчам топ, КР ӨКМнин 3-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 50 куткаруучу тартылып, Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө каптаган  сууну саат 21:00дө толук тазалашты. Аксуу, Чоюнчу, Жаркыштак айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо иштери улантылып жатат. Ошондой эле жолдорду калыбына келтирүү, сел суулары кирген турак жайлар менен социалдык обьектилерди тазалоо жумуштары улантылууда.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 2 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган.

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 8 чыгуу болгон.

 

14-майда Өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 13-май күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 14-майында саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынды.

Ош облусу

         Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында 2018-жылдын 13-май күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып, Коммунист тилкесинде 15 турак үйдүн короосуна жана 1 турак үйдүн жер төлөөсүнө суу каптаган.

         Ошондой эле Тынчтык айылында 3 турак үйдүн короосун суу каптаган.

         Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине КР ӨКМ Өзгөн райондук бөлүм башчысы, райондук жарандык коргонуу комиссиясы, 1 жүктөгүч, КР ӨКМнин №53 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган.

         Мырза-Аке айыл аймагынан тартылган 1 даана жүктөгүч менен Кандава каналынын суусун Яссы дарыясына буруу жумушу жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Баткен облусу

Лейлек районунун Бешкент айыл аймагында 2018-жылдын 12-май күнү саат 11:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кайрагач айылындагы Козу-Баглан дарыясынын суусу көтөрүлүп, ички чарбалык унаа жолдун жээгин жеп, чайканага коркунуч жаралган.

         Кырсыктын кесепетин жоюга КР ӨКМ Лейлек райондук бөлүм башчысы барып, айыл аймак тарабынан 2 КамАЗ жана 1 экскаватор тартылды.

         13-май күнү аба-ырайына байланыштуу иш-чаралар жүргүзүлгөн жок. Иш-чаралар 14-май күнү жүргүзүлөт.

        

2018-жылдын 5-май күнү саат 16:00 чамасында Лейлек айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Чарбак-Сай тилкесинде сел жүрүп, натыйжада 1,7 чакырым ички чарбалык унаа жолду жана 500 метр ички чарбалык арыктын айрым жерлерин каптап, 2 баш бодо малын (уй) сел суулары агызып кеткен. Ошондой эле, Патан-Сай тилкесинде сел жүрүп натыйжада 1,5 чакырым ички чарбалык жолдун айрым жерлерин каптаган. Адам өмүрүнө жана турак жайларга коркунуч жок.

         13-май күнү аба-ырайына байланыштуу иш-чаралар жүргүзүлгөн жок. Иш-чаралар 14-май күнү жүргүзүлөт.

        

Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында 2018-жылдын 12-май күнү саат 20:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен Катта-Тал тилкесинде сел өтүүчү сайдан суу ашып, ички чарбалык унаа жолду каптап, жол жабылган. Турак жайларга коркунуч жаралган эмес. Жеринде тиешелүү иш-чаралары 14-май күнү жүргүзүлөт. Айылга баруучу айланма жол бар. 

         Кыштут айыл аймагында 2018-жылдын 18-апрель күнү саат 23:20 чамасында Сай айылынан 1 чакырым алыстыктагы тоонун боорунан көлөмү 45000 м3 жер көчкү түшкөн. Натыйжада жер көчкү Сай айылына келүүчү сугат суу каналынын 130 метр аралыгын, тоонун башында жайгашкан Мегаком, Билайн компанияларынын базалык станциясына баруучу ички чарбалык жолдун 100 метр аралыгын, Гороту жайлоосуна баруучу 150 метр ички чарбалык жолду жана 7 га айдоо жерди басып калган.

         Айыл аймак тарабынан 1 экскаватор, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылып, 13-май күнү тартылган күчтөрдүн жардамында сугат суу каналын тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 14-май күнү иш-чаралар улантылат.

 

Жалал-Абад облусу

Аксы районунда 2018-жылдын 12-май күнү болжол менен саат 16:30дар чамасында Кызыл-Туу, Кара-Суу жана Авлетим айыл аймактарында ылдамдыгы секундасына 21-26 метрге жеткен катуу шамал коштолгон жамгыр жаап, турак үйлөрдүн чатырларын учуруп, кокту колоттон түшкөн сел суулары турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ошондой эле, жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу айыл аймагынын ички чарбалык жолдорун шагыл тосуп калган.

Кызыл-Туу айыл аймагы: 10 турак үйдүн 129м2 тунике, 3 турак үйдүн 20 даана шифер,1 времяканын 24 м2тунике, 3 времяканын 27 даана шифер, 6 мал сарайдын 126 м2 тунике, 3 сарайдын 37 даана шифер, 1 мектептин 20 даана шифер жараксыз абалга келген.

Мындан сырткары Жыл-Булак жана Сарымсак-Булуң тилкелеринде шамалдын кесепетинен  электр чубалгыларына терек кулап, үзүп кеткен.

 Кара-Суу айыл аймагы: Кара - Жыгач – Топ-Жанак- Кара - Суу унаа  жолунун Көк-Кыя участкасы 1 жеринен, Чалдыбар участкасы 2 жеринен, Жаңы-Айыл участкасынан 1 жеринен, Бөк-Төр участкасынын 1 жеринен кокту колоттон түшкөн таш аралаш шагыл автоунаа жолун жаап калган. Кокту колоттон түшкөн таш аралаш шагылдын жалпы көлөмү болжол менен 290 м.куб. түзөт. 

Авлетим айыл аймагы: 22 турак үйдүн 164 даана шиферлери, 488 м2 темир тыныкелери жана 9 чарбалык курулуштарынын 72 даана шиферлери, 149 м2 темир тыныкелери учуп, 1 бала бакчанын 150м2 тыныкелери жараксыз абалга келген. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Ошондой эле   катуу шамалдын кесепетинен, Баястан учаскасында колоттон түшкөн сел суулары Коргон суугат каналынын 60 метр аралыгын шагыл таштар менен толтуруп, 12 метр аралыгын жеп кеткен. Коргон суугат каналын 300 кожолук пайдаланат. Коргон айылынын Баястан учаскасына баруучу ички чарбалык  унаа жолунун 1800 метр аралыгын сел суулары жол бетин жууп, унаалардын каттамына кыйнчылык жаралган. Жол каттамы ачык. Атантай учаскасынын Токол-Эчки сайынан келген сел суулары ички чарбалык унаа жолунун 3000 метр аралыгынын айрым жерлеринин беттерин жууп кетип, жол каттамга кыйынчылык жараткан. 

Ак-Жол айыл аймагы: колоттордон түшкөн сел суулар Шынаа айылына баруучу ички чарбалык унаа жолунун 8 чакырымын, №38 ЖТИнин балансындагы унаа жолдун 7 чакырымын беттерин жууп кеткен. Жол каттам ачык. Ошондой эле сел арыктардан түшкөн сел суулары болжол менен 70 турак үйдүн короо жайларын каптап кеткен. 

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары, КР  ӨКМнин Райондук бөлүм башчысы, райондук жарандык коргонуу комиссиясы, 12 ЖТИнан 1 самосвал, 1 жүктөгүч, Кара-Суу айыл аймагынан 1 жүкөгүч, РЭТ 3 бригада тартылды.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:Кызыл-Туу айыл аймагы: РЭТ кызматкерлери электр чубалгыларын калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүүдө.

Кара-Суу айыл аймагы. Кара-Жыгач–Топ-Жаңак-Кара-Суу унаа  жолу толугу менен тазаланып, жол каттам ачылган.

Жалпы район боюнча: шамалдын кесепетинен 35 турак үйдүн 617 м2 туникесин, 184 даана шиферин, 22 кошумча курулуштун 299 м2 тунике, 136 даана шиферин, 2 соц.обьектинин 150 м2 тунике, 20 даана шиферин жараксыз абалга келтирген.

2018-жылдын 13-май күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 13-майындагы №119-б “Аксы районунун аймагында өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү жөнүндө” буйругу чыгарылып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар коюлган. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын штабы түзүлүп, кырсыктан жабыркагандарды тактоо иштери улантылып жатат.

Сузак району. Курманбек а/а. 2018-жылдын 29-апрель күнү Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен көлөмү болжол менен 1,5 млн. м3 жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 000м3 жер көчкү Көк-Арт дарыясынын суусун бөгөп калып, топтолгон суу жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агып жаткан. 2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү активдешип, 64 000м3 сүрүлүп түшүп кайрадан суунун нугун бөгөп калган. Учурда топтолгон суу (болжол менен 290 миң м3), жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агууда (суунун агып кирүүсү секундасына 35м3, чыгуусу секундасына 35м3).

Тартылган күч жана каражаттар:КР ӨКМнин Сузак райондук бөлүмүнөн 1 офицер, Кыргызгидрометтен 1 кызматкер

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

Жеринде абалды көзөмөлдөө максатында 2 адамдан турган ыкчам топ нөөмөттө турушат.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 2 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган.

 

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Жалал-Абад облусу

 

55-ӨКБ

1 б

1

12:08

жеткенге чейин

----

----

12:19

 

Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Калинин көчөсүндө өрт жөнүндө маалымат түшкөн. Өрт тастыкталган жок.

----

 

55-ӨКБ

1 б

1

17:10

17:15

17:25

18:15

18:46

 

Ноокен району, Массы айыл аймагы, Жолдошев  көчөсү №46, эки кабаттуу жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 30 чарчы метр чатыры жана 26 даана шифер, 30 даана түк чөп, 16 даана пресс саманы, 50 даана боо пая куйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

2ствБ

 

Талас облусу

 

91- АӨКБ

1 б

1

04:48

04:58

05:00

05:10

05618

 

Кара-Бууура району, Кызыл Адыр айылы, Чолпонбай көчөсү, “Ауди С4” үлгүсүндөгү мамлекеттик №S09-29A унаанын ички салону толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска тууташашуусу.

1ствБ

2018-жылдын 13-май саат 08:00дөн 14-май саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Октябрь району.  2018-жылдын 13-май  к үнү саат 03:55те  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Асанбай кичи районунда жайгашкан №25 үйдүн 53-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаары. 2018-жылдын 13-май  к үнү саат 14:38де Бишкек-Ош унаа жолунун 388- чакырымында мам.№Z12-27Z “Тайота Гранд”   үлгүсүндөгү  унаанын  бир дөңгөлөгү жараксыз болуп, жолдун жээгине чыгып кеткен.

Ош облусу

Өзгөн району. 2018-жылдын 13-май  күнү саат 00:45де Мырзаке   айыл аймагындагы Комуннист, Тынчтык, Ак-Коом жана Кирпичный участкаларындагы турак үйлөрдү суу каптаган жерге  КР ӨКМнин 53-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жерине баарышып суунун нугун буруп беришкен. 

Баткен облусу

Лейлек району. 2018-жылдын 13-май  күнү саат 18:35де катуу жаап өткөн жаандын касепетинен Исфана шаарында “Акчайыр” балдар интернатынын жер төлөсүнө суу кирген. КР ӨКМнин 74-Өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп, суу каптоонун кесепетин жоюшкан.

Лейлек району. 2018-жылдын 13-май  күнү саат 14:15де  катуу жаап өткөн жаандын касепетинен Исфана шаарында Лесная көчөсүндө жайгашкан №59 турак үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Жерине КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын тоо- кен куткаруу кызматынын  куткаруучулары барышып, жер төлөдөгү сууну тазалап беришкен.

Лейлек району. 2018-жылдын 13-май  күнү саат 23:41де Кулунду айылынын Кушлук-Сай сел өтүүчү сайдагы селден жабыр тарткан көпүрөдөн өтө албай мам.№814 АС фура үлгүсүндөгү бензовоз унаасы сайдын ичинде кулап калган. Бензовоздун ичинде 31 тонна солярка болгон. Окуя болгон жерге КР ӨКМнин 108-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кулаган унаадагы солярканы сордурууга жардам беришкен. Окуя болгон жерде ИИМнин 2 кызматкери иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Талас облусу

Кара-Буура району. 2018-жылдын 13-май  к үнү саат 04:14тө  Кызыл-Адыр айылы Чолпонбай көчөсүндө  мам.№S09-29A “Ауди-С4” үлгүсүндөгү унаа жолдогу даракты сүзүп, унаанын ички салону күйгөн. 3 киши жабыркап райондук ооруканага жеткирилген.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы