Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

16.04.2018

2018-жылдын 16-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү! 

2018-жылдын 16-апрелинен 20-апрелине чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы,          16-17-апрелде Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 16-20-апрелинде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт. 

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 14-апрелинде №02-34/304-Т жана №02-34/305-Т телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2018-жылдын 16-апрелинде Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 15-апрель күнү саат 18:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 16-апрелинде саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөө алынган.

Ош облусу

         Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагында 2018-жылдын 11-апрель күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кара-Дарыя №1 тилкесинде Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 га үлүш жерди, Өзгөн Девзира кооперативинин 234 га жерин суу каптаган жана ошондой эле Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 18 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралган.

         Каптоо коркунучту алдын алуу максатында КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түшктүк борборунан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган.   

         2018-жылдын 15-апрель күнү КР ӨКМден тартылган техникалар техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу Кара-Дарыя суусунун оң жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн жок.

Суу өз нугуна бурулгандыгына байланыштуу, үлүш жерлерге жана турак үйлөргө коркунуч жок.

Жээкти бекемдөө иштери 16-апрелде улантылат.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

 

жетүү саат/м

 

чектөө саат/м

 

толук өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

4-АӨКБ

1 б

1

09:34

09:45

---

---

11:26

101

Ленин району,  Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде, “Берекет” соода комплексинде түтөгөн  жерлерди өчүрүшкөн.  

1ствБ

2

3-АӨКБ

1 б

1

16:06

16:16

16:20

16:44

17:30

101

Свердлов району, Щербаков жана Загородный көчөлөрүнүн кесилишинде 30 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Кол каражат

3

3-АӨКБ

1

01:32

01:36

---

01:45

02:00

101

Свердлов району, Гоголь көчөсү №87, көмөк чордондун (трансформатор) ичинде таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Кол каражат

Чүй облусу

4

27-АӨКБ

1 б

1

11:07

11:09

11:19

 

 

11:43

11:55

101

 

Кант шаары, Л. Толстой жана Озерный көчөлөрүнүн кесилишинде 500 чарчы метр камыш күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда

1ствБ

5

15-ӨКБ

1 б

1

13:25

13:40

13:50

14:15

14:27

101

Москва району, Петровка айылы, Цетральный көчөсү №303, аянты 20 чарчы метр болгон курулуш чарба толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу.

1ствБ

6

15-ӨКБ

1

23:35

23:45

00:00

00:10

00:20

101

Москва району,  Беловодск айылы, Комсомол көчөсү №75, жыгач устундуу шифер жабылган мончонун 18 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу.

1ств Б

7

1-ӨКБ

1

00:26

00:39

01:05

01:50

02:30

101

Аламүдүн району, Константиновка айылы, Чүй көчөсү н/ж, сарайдын ичинде 4,5 куб отун жана 1 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ств Б

Ош облусу

8

103-ӨКБ

1 б

1

13:04

13:16

13:32

14:45

15:35

101

Өзгөн району, Куршаб айыл аймагы, Шагын айылы, Мамашев көчөсү н/ж, жыгач устундуу шифер жабылган мал сарайдын 80 чарчы метр чатыры жана 160 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  

1ствБ

Ысык-Көл облусу

9

15-АӨКБ

1 б

1

13:23

13:27

13:32

13:35

14:03

101

Каракол шаары, Чкалов көчөсү №29, газ баллондун редуктору күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

10

15-АӨКБ

2 б

1

18:17

18:21

18:20

18:24

 

18:29

19:04

 

19:20

18:47

101

Каракол шаары, Совет көчөсү № 23, жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 35 чарчы метр чатыры жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

2ствБ

Баткен облусу

11

26-АӨКБ

1 б

1

15:01

15:12

15:19

15:35

15:55

101

Баткен шаары, Раззаков көчөсү н/ж, ачык аянтта 80 чарчы метр камыш, 2 дарак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду:

 

Нарын облусу

Кочкор районунда 2018-жылдын 15-апрелинде саат 19:57 чамасында Кочкор-Кум-Дөбө ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымында (Ак-Жар айылы) "Ауди-100 С4" үлгүсүндөгү  мамлекеттик №В77-91V жеңил унаанын айдоочусу жолдо бараткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан кийин бакты сүзүп жаракат алган. Жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү жеринде каза болгон (1974-жылы туулган Б.Э. эркек киши). Ал эми айдоочуну (1960-ж.т. К.С. эркек киши) медициналык тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.  КР ӨКМнин №42-өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон жөө жүргүнчүнүн жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Жалал-Абад облусу

Таш-Көмүр шаарында 2018-жылдын 15-апрелинде саат 22:20да  КР ӨКМнин РӨКО 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары Кызыл-Алма айылындагы №23А үйүнүн 15-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы