Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

13.04.2018

2018-жылдын 13-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда! 

2018-жылдын 13-апрелинен 14-апрелине чейин жаап өткөн жаан чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),  Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 74-90 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 6-апрелинде №02-34/277-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2018-жылдын 13-апрелинде Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

          Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй өрөөнүндө15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 12-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 13-апрелинде саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөө алынган.

 

Бишкек шаары

         Ленин районунда 2018-жылдын 13-апрелинде саат 03:50 чамасында “Берекет” базарынын аймагында өрт тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түзгөн.

Өрттүн себеби жана келтирилген чыгымы такталууда.

         Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгын ыкчам тобу, өрт өчүрүү штабы, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан ыкчам топ, КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 6 куткаруучу, КР ӨКМнин Ленин райондук №4-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Ленин райондук №6 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, КР ӨКМнин Свердлов райондук №3-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, КР ӨКМнин Октябрь райондук №5-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 бөлүм, КР ӨКМнин Октябрь райондук №7- аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Ленин райондук №28- аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Ленин райондук №8-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, жалпы КР ӨКМнен 14 даана техника, андан сырткары Суу канал ишканасынан 2 даана жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынан 2 даана суу ташуучу унаалар, Ленин райондук РЭТинен 2 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада жана КР ИИМнен болжол менен 700 кызматкер тартылган.

         Өрт саат 07:40та чектөөгө алынды.

Өрттү өчүрүү иш чаралары уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

 

Жалал-Абад облусу

         Жалал-Абад шаарында 2018-жылдын 13-апрелинде саат 02:00 чамасында борбордук базарынын аймагында өрт тууралуу маалымат түшкөн. Жабыркагандар жок.

Өрттүн жалпы болжол менен 1 344 чарчы метр аянтты түздү.

Өрттүн себеби жана келтирилген чыгымдары такталууда.

         Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгын ыкчам тобу, КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 бөлүм, КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык №58 өткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Сузак райондук №65 өткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм жана Жалал-Абад шаардык РЭТинен 1 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

         Тартылган күчтөрдүн жардамы менен саат 03:17де өрт чектөөгө алынып, саат 06:27де толугу менен өчүрүлгөн.

 

Ош облусу

         Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагында 2018-жылдын 11-апрель күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кара-Дарыя №1 тилкесинде Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 га үлүш жерди, Өзгөн Девзира кооперативинин 234 га жерин суу каптаган жана ошондой эле Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 18 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралган.

         Жаралган коркунучу жоюу максаттында КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана КР ӨКМнин ыкчам топ, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы,  КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 даана самосвал, 2 даана экскаватор, 1 даана жүктөгүч, 1 даана бульдозер, айыл аймак тарабынан 2 даана экскаватор жана 3 даана жүктөгүч тартылган.

         12-апрель күнү тартылган күчтөрдүн жардамы менен 380 метр суунун жээгин бекемделип, сууну өз нугуна буруу иштери жүргүзүлгөн.

Саат 20:00дө иш-чаралар убактылуу токтотулуп, жергиликтүү бийлик тарабынан жеринде нөөмөт уюштурулган.

Жээктерди бекемдөө иш-чаралары 13-апрелинде улантылат.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 27 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

 

жетүү саат/м

 

чектөө саат/м

 

толук өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

4-АӨККБ

1

00:56

01:05

Маалымат тастыкталган эмес

01:57

101

Ленин району. Фрунзе көчөсү №559. “Вилла” мейманканасынын 3-кабатында түтүн чыккан.

---

2

4-АӨККБ

5-АӨККБ

1 АЛ

3-АӨККБ

6-АӨККБ

7-АӨККБ

28-АӨКБ

8-АӨККБ

ШТАБ

Куткаруу кызматы

1БИС

 

ВЫЗОВ

№2

03:52

 

04:00

04:18

06:47

04:05

04:26

 04:02

04:20

04:26

 

04:28

04:38

 

 

04:10

04:29

 

03:55

 

04:22

04:31

07:01

04:17

04:18

04:30

04:44

04:50

 

04:51

04:44

 

 

04:22

04:38

 

07:40

 

 

101

Ленин району.  Берекет базарынын аймагында өрт. Өрттүн көлөмү болжол менен 2000 чарчы метр. Өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдар жана себеби такталууда. Өрттү өчүрүү иш чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Чүй облусу

3

27-АӨККБ

1

13:20

 

 13:25

 

13:25

 

13:30

13:40

13:57

14:38

 

14:02

 

101

Ысык-Ата району. Люксембург айылы, Тельман көчөсү №22.  Турак үйдүн жыгач устунду шифер менен жабылган аянты 64 чарчы метр чатыры жана аянты 12 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

2ствА

4

21-АӨККБ

1

16:53

17:07

17:17

17:26

17:51

101

Чүй району. Жаңы-Чек айылы, Маткеримова көчөсү №1. Турак үйдүн бөлмөсүндө   үй эмеректери жана тиричилик техникасы күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

1ствБ

5

2-ӨККБ

1

23:23

23:45

23:55

00:05

00:45

101

Панфилов району. Орто-Арык айылы, Токтогул көчөсү №жок. Жолдун боюнда турган “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S 0466 AN унаанын салону жана кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 

1ствБ

6

23-АӨККБ

1

23:23

23:55

00:10

00:50

01:30

101

Сокулук району. Сокулук айылы, Комсомол көчөсү № 60. Аянты 50 чарчы метр чөп кананын  ичинде 30 түк чөп, 1 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Ош шаары

7

85-ӨККБ

1

06:22

06:41

06:51

07:07

07:34

101

Абишев көчөсү №20. Турак үйдүн 10 чарчы мтр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу.

1ствБ

8

12-АӨККБ

 

1

02:03

02:23

02:16

02:38

02:39

03:05

03:51

03:31

101

Жапалак айыл аймагы, Орек айылы, Жаны-Чек №65. Жыгач устундуу шифер менен жабылган бастырманын 50 чарчы метр чатыры, “Хонда Фит” үлгүсүндөгү  мамлекеттик № 0668 АQ унаа толугу менен күйгөн. Өрт кошуна турак үйгө берилип, жыгач устундуу тунуке менен жабылган 12 чарчы метр  чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2ствБ

Ысык-Көл облусу

9

15-АӨККБ

1

11:13

11:16

11:25

11:45

12:00

101

Каракол шаары. Москва көчөсү №162 үй, №33 батир. Турак үйдүн бөлмөсүндө күнүмдүк колдонуучу нерселер күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык колдонууда эреженин бузулушу.

1ствБ

Талас облусу

10

93-ӨККБ

1

14:45

15:05

15:35

18:19

19:02

101

Бакай-Ата району. Күмүш-Так капчыгайы, Бакай-Ата айыл аймагында аянты 2,5 Га  куураган чөп талаада  күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.

1ствБ

2ствА

Жалал-Абад облусу

11

94-ӨККБ

1

17:50

18:27

18:40

18:50

19:30

101

Кара-Көл шаары. Бишкек-Ош унаа жолунун 403 чакырымында (Кара-Жыгач тилкеси) “ДАФ” үлгүсүндөгү  газ ташыган унаадан өрт чыккан.Өрттөн унаанын  дөңгөлөктөрү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

12

20-АӨКБ

 

65-ӨККБ

58-ӨККБ

 

02:00

02:05

02:45

 

02:20

02:55

02:15

 

 

02:03

02:08

02:48

 

02:32

03:15

02:20

03:17

06:27

 

101

Жалал-Абад шаары. Борбордук базарда өрт чыккан.  Жабыркагандар жок. Өрттүн жалпы көлөмү болжол менен 1344 чарчы метр. Өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда.

 

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду:

 

Бишкек  шаары

Октябрь районунун 2018-жылдын 13-апрелинде саат 01:55де Тунгуч кичи районунда №22 үйүнүн 27-батирдин ичинде калып калган аялга  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан эшикти ачып жардам көрсөтүшкөн.

Биринчи май районунда  2018-жылдын 13-апрелинде саат 05:03тө Токтогул көчөсүнүн №87-үйдүн 1-чи жана 2-чи кабаттын ортосунда 3 адам (1 эркек, 2 аял) лифттен чыгалбай калышкан. Авариялык лифт кызматы жардам берүүдөн баш тарткан.  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары кол каражаттар менен лифттин эшигин ачып беришкен.

 

Ош  шаары

2018-жылдын 12-апрелинде саат 19:48де  КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Атабаев көчөсүнүн №148 үйүнүн 15-батирдин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ысык-Көл облусу

Каракол шаарында 2018-жылдын 13-апрелинде саат 03:24 чамасында “Ауди 100” үлгүсүндөгү мамлекеттик № В1534W унаа Токтогул көчөсүндө жайгашкан тосмону бузуп өтүп,  бакты сүзгөн. Жол кырсыгынан айдоочу 1991-жылы туулган, И.К., жүргүнчү 1996-жылы туулган Д.Б. жаракат алышкан жана бир кыз каза болгон (аты-жөнү такталууда).  КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмбүнүн куткаруучулары тарабынан маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине тапшырып, жаракат алган адамдарды Ысык-Көл облустук ооруканага өткөрүп беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы