Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

12.04.2018

2018-жылдын 12-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

Шашылыш билдирүү! 

2018-жылдын 12-апрелинен 14-апрелине чейин жаап өткөн жаан чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),  Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 74-90 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

12-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүк жана алчанын ачылган гүлдөрүнө коркунучтуу.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 6-апрелинде №02-34/277-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2018-жылдын 12-апрелинде Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

          Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Маалымат үчүн

 

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 11-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 12-апрелинде саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөө алынган.

 

Жалал-Абад облусу

         Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагында 2018-жылдын 28-март күнү жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Булак” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжол менен 110 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралган.

         Жээкти бекемдөө үчүн айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч тартылган.

         11-апрель күнү жакынкы аймактарда кыркылган таштар жок болгондугуна байланыштуу, дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чаралары убактылуу жүргүзүлгөн жок. 12-апрелде жээкти бекемдөө иш-чаралары улантылат.

 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

4-АӨКБ

1

08:25

08:32

09:12

10:10

11:02

101

Ленин району, Матыев көчөсү №174,  60 чарчы метрдеги унаа токтоочу жайда жана “Ниссан Лаурель”   үлгүсүндөгү мамлекеттик № 01KG235АВR унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

2ствБ

2

5-АӨКБ

1

12:29

12:43

13:02

13:13

13:49

101

Октябрь району, 6-кичи району, №18а үйүнүн 2-подъездин жер төлөөсүндө 6 чарчы метрдеги аянтта таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык.

1ствБ

3

6-АӨКБ

1

20:25

20:38

---

жетк чейин

21:06

101

Биринчи Май району, Очаковский көчөсү №65, турак үйдө электр эсептегичи түтөгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

---

Чүй облусу

4

2-АӨКБ

1

12:33

12:41

13:41

14:41

15:05

101

Аламүдүн району, Ылдыйкы Ала-Арча айылы, Чагай көчөсүндө №206 дарегинде жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 70 чарчы метриндеги чатыры күйгөн, өртүн кесепетинен, өрт кошуна үйүнө өтүп Чагай көчөсү №208 турак үйдүн 2 чарчы метр жыгач франтону күйүп кеткен. Өрттүн себеби: такталууда.

2ствБ

5

27-АӨКБ

1

20:21

20:32

20:36

21:26

22:05

101

Ысык-Ата району, Биринчи Май айылы, Совет көчөсүндө №10 үйдүн жанында бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Жалал-Абад облусу

6

46-ӨККБ

1

17:45

18:05

---

19:00

19:20

101

Тогуз-Торо району, Каргалык айыл аймагы,  Джи Эл Макмал девелопинг мекемесине таандык 2  самосвал “КамАЗ”, 2 экскаватор, 1 “ЗИЛ” үлгүсүндөгү автокран, 2 даана контейнер, 1 даана административдик имарат, 5 даана ондүрүштүк имараттары митингке чыккан жергиликтүү эл тарабынан өрттөлгөн.

1ствБ

8

56-ӨККБ

1

19:25

19:42

19:31

19:48

19:35

20:45

21:00

21:00

101

Таш-Көмүр шаары, Шамалды-Сай шаарчасынын Южный көчөсүндө чөп жүктөп бара жаткан   Мерседес Бенц үлгүсүндөгү мамлеттик № S 08-60 AL жүк ташуучу унаасынын борту, арткы дөңгөлөктөрү жана 140 даана түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

Баткен облусу

9

76-ӨККБ

1

16:18

16:50

17:15

18:40

20:42

101

Кадамжай району, Көк – Талаа айылы, Маяк участкасы, Сатыбалды Абдухалил уулу көчөсү №8, 96 чарчы метрдеги турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

1ствА

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Ленин районунда 2018-жылдын 11-апрелинде Лущихин көчөсүнүн №99б дарегиндеги  “Профикс-Юг” ишканасынын имаратында  олиф боегун атайын идиштерине куюштуруп  жаткан учурда жарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп (1997-жылы туулган М.Т.Ю.), 1 адам жабыркаган (1990-жылы туулган Т. у. У.).

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон адамдын жансыз денесин имараттан алып чыгып, РИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган адам тез жардам кызматы тарабынан №1 шаардык ооруканасына жеткирилген.

Октябрь районунда 2018-жылдын 11-апрелинде саат 20:58де   КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары  8-кичи районундагы №35 үйүнүн 40-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Коңшу жана алыскы мамлекеттердин аймагында катталган

өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кыскача маалымат

 

Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Блида провинциясында 2018-жылдын 11-апрель күнү Алжир аскердик аба күчтөрүнүн Ил-76 транспорттук учагы  Буфарик шаарына жакын жерде кулаган. 

Кырсыктын кесепетинен болжолу менен 200дөн ашык адам каза болгон.

Каза болгондордун көпчүлүгү аскер кызматкерлери болгон.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы