Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

14.02.2018

2018-жылдын 14-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

 

Шашылыш билдирүү:кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө!

         2018-жылдын 14-февралында абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

 Шашылыш билдирүү:туруксуз аба ырайы күтүлүүдө!

         14-февралдан 18-февралга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 15-16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаашы күтүлөт. 17-18-февралда кар жаашы кээ бир райондордо күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 2° сууктан 3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -11…-16° суук болушу күтүлүүдө.

          Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 12-февралында №02-34/114-Т жана 13-февралында №02-34/117-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

 

I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

 

2018-жылдын 13-февралы саат 08:00дөн 14-февраль саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ.

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

Бишкек шаары

1

3-АӨКБ

1

23:14

23:18

23:25

23:41

00:20

101

Свердлов району. Восток-5 кичи району, Мамбетов көчөсүндөгү №6/3 үйдүн жанында 3 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1 ств. Б

2

4-АӨКБ

1

00-06

00-16

-----

------

00-47

 

101

Ленин району. Ылдыйкы Жал кичи району, №78 үйдүн 57-батиринде бөлмөдө кир жуугуч машинка күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн.

---

Чүй облусу

3

15-ӨКБ

1

14:38

15:53

15:08

 16:05

16:23

101

Москва району. Петровка айылы, Ценральный көчөсүндөгү №313 даректе турак үйдүн 2 чарчы метр жыгач полу, үй эмеректери жана терезеси күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1 ств Б

4

8-АӨКБ

1

22:48

23:00

23:37

23:58

00:30

101

Аламүдүн району. Пригородное айылы, Юбилейный көчөсү, “Ак-Жол” ЖЧКсы, аянты 80 чарчы метр контейнердин  пенопласт ички жасалгасы, кийим-кечелер  күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2 ств Б

Ысык-Көл облусу

5

35-ӨКБ

1 б

31-ӨКБ

1 б

1

08:45

 

08:45

08:48

 

09:10

09:21

 

 

09:45

10:35

 

10:10

101

Ысык-Көл району. Булан-Сөгөттү айылы, “Аврора” санаториясынын аймагында аянты 81 чарчы метр котедждин темир чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын  техникалык пайдаланууда эрежелердин бузулушу.

2 ств Б

6

39-ӨКб

1

04:48

05:16

05:35

05:45

06:05

101

Ак-Суу району. Теплоключенка айылы, Жаныбеков көчөсү №93 даректе жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 8 чарчы метр чатыры жана 0,5 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1 ств Б

Ош шаары

7

12-АӨКБ

1 б

1

14:02

14:10

14:13

14:25

15:09

101

Ак-Тилек кичи району, Мамыров көчөсү, Ж. Мамытов атындагы эс алуу багында 600 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1 ств Б

Ош облусу

8

12-АӨКБ

1 б

1

11:33

11:44

11:51

12:46

13:23

101

Кара-Суу району. Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылы, Абугазиев көчөсү №2 даректе жыгач устундуу 2 кабаттуу сарайдын 60 чарчы метр чатыры жана 100 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2 ств Б

9

25-АӨКБ

1 б

1

13:25

13:51

13:57

14:21

15:15

101

Кара-Суу району. Жоош айыл аймагы, Бирдик айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 35 чарчы метр чатыры, 100 боо жүгөгү бакалы, 50 түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон  шоктугу.

1 ств Б

10

64-ӨКБ

1 б

1

13:35

13:39

14:01

14:15

14:38

101

Араван району. Али-Анаров айыл аймагы, Ачы айылы, Чарба тилкесинде жыгач устундуу шифер менен жабылган 18 чарчы метр сарайдын чатыры жана 30 боо пахта сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1 ств Б

11

103-ӨКБ

1 б

1

16:32

16:40

17:30

18:30

19:25

101

Өзгөн району. Кызыл-Октябрь айыл аймагы, “Гүлзар” тилкеси, Бекмуратов көчөсүндө ачык аянтта 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1 ств Б

12

53-ӨКБ

1

05:16

05:20

05:35

06:29

 

101

Өзгөн району. Өзгөн шаары, Кошуев көчөсүндө 9 чарчы метр болгон дүкөндүн ичинде азык-түлүктөр күйгөн. Өрттүн себеби:  электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эрежелердин бузулушу.

1 ств Б

Жалал-Абад облусу

13

55-ӨКБ

1 б

1

17:10

12:25

17:28

17:42

18:05

101

Ноокен району. Шайдан айыл аймагы, Алма айылы, Орозбаев көчөсүндө көмөк чордон (№123) жана 2 бак күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эрежелердин бузулушу.

1 ств Б

14

56-ӨКБ

1 б

1

19:51

20:00

20:02

20:25

20:40

101

Таш-Көмүр шаары. Теңдик айыл аймагы, Кудук-Сай айылында Бишкек-Ош унаа жолунун 465-чакырымында жолдун жээгинде 1 бак  жана 200 чарчы метр камыш күйгөн. Өрттүн себеби: атайын өрттөө.

1 ств Б

Баткен облусу

15

76-ӨКБ

1 б

1

14:47

15:09

-----

------

16:30

101

Кадамжай району. Халмион айыл аймагы, Халмион айылындагы “Баяман” базарынын жанында “Форт Транзид” үлгүсүндөгү мамлекеттик № P25-47M унаа толугу менен күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

-------

Талас облусу

16

91-ӨКБ

1 б

1

20:56

21:00

21:45

21:57

22:13

101

Кара-Буура району. Кызыл-Адыр айылы, Кыргыз көчөсү №13 даректе жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 2 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

1 ств Б

 

2018-жылдын 13-февралы саат 08:00дөн 14-февраль саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

             Свердлов району. 2018-жылдын 13-февраль күнү саат 16:46да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Фрунзе жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде көпүрөнүн астында белгисиз бир адам жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн жерге барышып, жеринде эч ким жок экендигин аныкташкан.

             Свердлов району. 2018-жылдын 14-февраль күнү саат 01:39да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Достоевский көчөсүндөгү кудуктун ичинен белгисиз адамдын (Аты-жөнү, жашы, жынысы такталууда) жансыз денесин алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

             Биринчи  Май району. 2018-жылдын 13-февраль күнү саат 19:40да КР ӨКМнин Биринчи Май райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана КР ӨКМнин №3 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Калыс Ордо конушундагы 14-көчөсүндө ээриген кардын суусу көчөдө арык жоктугуна байланыштуу алты турак үйдүн короолорун каптаган жерге барышкан. Куткаруучулар үй ээлерине өздөрү сууну буруусу жана арыкты таза кармоосу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Чүй облусу

             Токмок шаары. 2018-жылдын 13-февраль күнү саат 19:30да КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 1-кичи районундагы №2 үйүнүн 45-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ысык-Көл  облусу

             Ак-Суу району. 2018-жылдын 13-февраль күнү саат 14:20да КР ӨКМнин №39 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Теплоключенка айылынын Кыдыр-Аке көчөсү № жок даректе “Мерседес Бенс” S-класс (мам. № такталууда) үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай  “Жеңиш-Ата” май куйуучу бекетинин колонкасын сүзгөн жерге жардам көрсөтүү үчүн барышкан. Жабыркагандар жок. Куткаруучулар жеринде өрт чыгып кетпес үчүн өрт коопсуздук иштерин жүргүзүшкөн.

Нарын облусу

             Ат-Башы району. Баш-Кайыңды айыл аймагында 13-февраль күнү Баш-Кайыңды айылынан 1974-жылы туулган Т.У.Ж. жана 1976-жылы туулган С.А.Ы. атчан Ат-Башы айылына барышып, кайра Баш-Кайыңды айылына  С.А.Ы. гана кайтып келген. Ал эми Т.У.Ж. дайынсыз болуп, айылга минген аты гана келген. 2018-жылдын 13-февраль күнү саат 22:25де издөө иш-чараларын жүзгүзүүгө КР ӨКМнин №45 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 5 куткаруучусу, РИИБден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылып, иш-чаралар 2018-жылдын 14-февраль саат 01:30га чейин жүргүзүлүп, убактылуу токтотулган. Издөө иштери 2018-жылдын14-февраль күнү улантылат.

 

14-февралда күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

           Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 13-февраль күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 18:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 14-февраль күнү саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөө алынды.

Ош облусу

Чоң-Алай району. Кашка-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 9-февраль күнү Кара-Кабак айылында жер астындагы суулар көтөрүлүп, муз катмары пайда болуп, турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондон бери алдын алуу жумуштары жүргүзүлүп келүүдө.

13-февраль күнү “ГИК-Кайди” ЖЧК алтын кен ишканасынан 1 эксковатор, 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, 100 метр дренаждык канал казылган. 9-февралдан 13-февралга чейин жалпы 485 метр дренаж казылган. 2018-жылдын 14-февраль күнү иш-чаралар улантылат.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Февраль 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28        

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы