Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

11.02.2018

2018-жылдын 11-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган.

 

2018-жылдын 10-февралы саат 08:00дөн 11-февраль саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

Бишкек шаары

1

2-АӨКБ

1 б

1

07:31

07:47

07:55

08:12

08:38

101

1-Май району. Ак-Босого калктуу конушу, Чүй көчөсү №3 даректеги №20 үйдө өрттүн кесепетинен мамлекеттик № 38-56ВАО “БМВ-525” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн жана гараждын 2 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

1 ств Б

Ош шаары

2

13-АӨКБ

1 б

1

15:14

15:17

----

Жеткенге чейин

 

15:51

101

Мир көчөсү №14 даректеги 16-батирдин бөлмөсүндө матрас күйүп түтөгөн. Өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн.

----

Чүй облусу

3

7-АӨКБ

1 б

1

08:11

08:25

08:38

08:57

09:25

101

Аламүдүн району. Лебединовка айылы, Комсомол   көчөсү №178 даректе мамлекеттик № В89-18AQ “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

4

21-АӨКБ

1 б

1

06:22

06:30

06:51

07:30

08:40

101

Токмок шаары. Жантаев көчөсү №3 даректеги 1-батирде эки бөлмөлүү батирдин 70 чарчы метр аянты толугу менен күйгөн. Өрттөн 10 адам эвакуацияланган. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

5

23-АӨКБ

1 б

1

22:06

---

---

---

22:25

112

Сокулук району. Военно-Антоновка айылында өрт жөнүндө маалымат текшерилген.

---

Талас облусу

6

93-ӨКБ

1 б

1

06:21

06:36

06:53

08:20

09:40

101

Бакай-Ата району. Миң-Булак айылы, Турус көчөсү №52 даректе турак үйдүн 12 даана устуну күйгөн. Өрттүн себеби: мордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

Жалал-Абад облусу

7

80-ӨКБ

1 б

1

08:27

08:37

08:44

09:58

10:48

101

Чаткал району. Сумсар айыл аймагындагы Шакафтар айылынын Ленин көчөсү №35 дарегинде турак үйдүн 12 чарчы метр жыгач полу, 1 сыналгы, 1 сандык, кийим-кечелер күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

8

56-ӨКБ

1 б

1

13:56

13:44

13:48

14:15

15:45

101

Ноокен району. Достук айыл аймагы, Кызыл-Коргон айылында ачык аянтта 0.15 га куураган чөп, камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

9

73-ӨКБ

1 б

1

16:38

16:50

16:53

18:42

19:12

101

Ала-Бука району. Ак-Там айыл аймагынын Жапа-Салды айылында 2 кабаттуу сарайдын 72 чарчы метр чатыры жана 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

1ствБ

10

65-ӨКБ

1 б

1

17:13

17:27

17:33

18:08

18:32

101

Сузак району. Ырыс айыл аймагы, Кайрагач айылынын Календаров көчөсүндөгү №62 даректе короодо мамлекеттик № 01KG446AB “Тойота-Ист” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп жана турак үйдүн 140 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр ширетүү иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

2ствБ

11

78-ӨКБ

1 б

1

17:47

17:50

---

---

18:28

101

Базар-Коргон району. Базар-Коргон айылынын Бегимкулов көчөсү №62 дарегинде өрт жөнүндө маалымат текшерилген.

---

Ысык-Көл облусу

12

19-АӨКБ

1

11:38

11:50

----

жеткенге чейин

12:28

101

Балыкчы шаары. Абдрахманов көчөсү №190 даректе газ баллондун редуктору эрип түтөгөн. Өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн.

---

13

32-ӨКБ

2 б

1

15:25

15:26

15:36

15:37

16:37

20:30

21:55

21:55

101

Ысык-Көл району. Кош-Көл айылында “Кыргызавтомаш” пансионатына тиешелүү котедж толугу менен күйгөн, жалпы аянты 210 чарчы метр. Өрттүн себеби такталууда.

 

 2ствБ

14

35-ӨКБ

1 б

31-ӨКБ

1 б

1

18:35

 

18:55

 

18:45

 

19:15

20:25

23:20

00:45

00:25

 

101

Ысык-Көл району. Булан-Сөгөттү айылындагы “Фламинго” пансионатынын короосунда котедж толугу менен күйгөн, жалпы аянты 120 чарчы метр, өрттүн кесепетинен Григорьевка айылынын тургуну 1977-жылы туулган А.В. Дзергумский каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.

1ствА

3ствБ

 

Ош облусу

15

53-ӨКБ

1 б

1

13:18

13:34

13:47

14:42

 

15:10

101

Өзгөн району. Кароол айыл аймагынын Кароол айылындагы Карл-Маркс көчөсү №13 даректе турак үйдүн 12 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

16

68-ӨКБ

1

15:19

15:42

16:20

19:35

20:00

101

Алай району. Жошолу айыл аймагынын Ленин Жолу айылында короодо 8 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

1ствБ

2018-жылдын 10-февралы саат 08:00дөн 11-февраль саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.

 

Чүй облусу

Аламүдүн району. 2018-жылдын 10-февраль күнү саат 19:25де КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Второя Пятилетка айылында Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынан 50-60 жаштагы азият улутундагы эркек адамдын жансыз денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

 

Сокулук району. 2018-жылдын 11-февраль күнү саат 01:40да КР ӨКМнин №23 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Черемушка айылындагы Мичурин көчөсүндөгү гидранттан агып жаткан сууну токтотушкан.

 

Нарын облусу

Нарын району. 2018-жылдын 10-февраль күнү саат 17:30да КР ӨКМнин №16 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 340-чакырымында мамлекеттик № В14-14АЕ “Ниссан-Сефиро” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен жерге жардам көрсөтүү үчүн барышкан.

 

Талас облусу

Талас району. 2018-жылдын 10-февраль күнү саат 21:16да КР ӨКМнин №101 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Кара-Ой айылында мамлекеттик № 73-77ВN "Ниссан-Сефиро" үлгүсүндөгү жеңил унаа менен мамлекеттик № Т89-95D "Хонда-Степ" үлгүсүндөгү унаа кагышкан жерге жардам көрсөтүү үчүн барышкан. Жол кырсыктын кесепетинен Ниссан-Сефиро унаасынын айдоочусу (1986-жылы туулган А.М.К.) каза болуп, 2 адам жабыркаган. Ал эми Хонда-Степ унаасынан дагы 2 адам жабыркаган. Жабыркаган 4 адам Талас облустук ооруканасына медициналык тез жардам кызматынын унаасында жеткирилген. Каза болгон айдоочунун жансыз денеси ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Куткаруучулар кырсыкка кабылган унаага кыпчылып калышкан жүргүнчүлөрдү чыгарышкан.

 

11-февралда күндүзү республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

 

Маалымат үчүн

Ош облусу

Чоң-Алай району. Кашка-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 9-февраль күнү Кара-Кабак айылында жер астындагы суулар көтөрүлүп, муз катмары пайда болуп, турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган.

10-февраль күнү “ГИК-Кайди” ЖЧК алтын кен ишканасынан 1 эксковатор жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, 100 метр дренаждык канал казылган. 2018-жылдын 11-февраль күнү жумуш улантылат. 

 

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл району. Кум-Бел айыл аймагында 2018-жылдын 10-февраль күнү саат 18:35те Булан-Сөгөтү айылында “Фламинго” ЖЧК пансионатынын короосундагы котеджден өрт чыгып, толугу менен күйгөн.  

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №35 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана №31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылды. Өрт саат 20:25те чектөөгө алынып, саат 23:20да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1977-жылы туулган А.В. Дзергумский (кароолчу) каза болгон. Өрттүн жалпы аянты 120 чарчы метрди түзгөн.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы