Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

11.01.2018

2018-жылдын 11-январы саат 08:30га карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ Шашылыш билдирүү!

2018-жылдын 11-январында эртең менен, күндүз жана 12-январында мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32°, күндүз -9…-14° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 09-январында №02-34/10-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле 2018-жылдын 8-январында КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

I.                  Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган.

 

2018-жылдын 10-январынын саат 08:00дөн 11-январына саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн категориясы №

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

Билдирүү жолу

 

 

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

 

7-АӨКБ 1бөлүм

1

00:08

00:18

00:24

00:43

00:57

101

Аламүдүн району. Лебединовка айылы , Ленин көчөсү №8. 10 чарчы метр жыгач устундуу мончо толугу менен күйгөн, 3 эшик,1 терезе. Себеби: туура эмес от жагуудан чыккан.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен облусу

 

 

107-ӨКБ

1 бөлүм

1

11:40

12:16

12:21

13:38

14:15

101

Кадамжай р-ну. Ак Турпак а/а, Миң-Чынар айылы, көчөсү №жок. Мал сарайдын үстүндө 3,5 тонна чөп күйгөн. рт өчүрүүчүлөр өрт учурунда 2,5 т. чөптү сактап калышкан. Себеби: такталууда 

2ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас облусу

 

 

101-ӨКБ

1-бөлүм

1

15:20

15-35

16-40

20-05

20-25

101

Талас р-ну. Арал айылы, К. Абдылдаев  көчөсү №5. 390даана түк чөп күйгөн. Себеби: Балдардын от менен болгон шоктугу.

1ствБ

 

 

2018-жылдын 10-январынын саат 08:00дөн 11-январына саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Баткен облусу

Сүлүктү шаары. 2018-жылдын 10-январы күнү саат 16:14 чамасында КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу отрядынын куткаруучулары  ЖЧК “Марипов” шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен. 6 куткаруучу тартылган.

 

 

 

11-январь күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

 

Чүй облусу

Токмок шаары. Томок шаарынын жана Чүй районунун айрым айылдарында жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, суу денгээлин төмөндөтүү максатында ачык коллектордук дренаж түйүндөрүн тазалоо иштери жүргүзүлүп баштаган.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Токмок шаардык №21 АӨКБнөн 10 адам, №24 АӨКБнөн 5 адам, Сокулук райондук ЖК кызматы тарабынан 1 экскаватор жана Панфилов райондук Жарандык коргоо кызматы тарабынан 1 экскаватор.

 Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн товардык-материалдык баалуулуктар: 2018-жылдын 10-январында Токмок шаарынын Октябрга 70 жыл жана 8-Март көчөлөрүндө 500 метр аралыктагы ачык типтеги дренаждык каналдар тазаланган.

Ошондой эле, Чүй районундагы Чүй айылынын Колхозная көчөсүндө 130 метр аралыктагы ачык типтеги дренаждык каналдар тазаланган.

Тазалоо иш-чаралары 11-январь күнү улантылат.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Январь 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы