Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

16.06.2017

2017-жылдын 16-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Талас облусу

Метеостанциясынын берген маалыматына ылайык Талас шаарында 2017-жылдын 14-июнь күнү саат 17:50дөн 18:40ка чейин шаардын аймагында ылдамдыгы секундасына 22 метрге, кээ бир жерде секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Шамалдын келтирилген чыгымын тактоо үчүн 2017-жылдын 15-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан келтирилген материалдык чыгым боюнча акт түзүлүп, актынын негизинде болжол менен материалдык чыгым 86 100 сомду түздү.

Чүй облусу

Панфилов районунун Возносеновка айыл аймагында КР ӨКМнин караштуу Гидрометеорология агенттигинин берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 14-июнь күнү саат 21:00дө ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал катталган.

2017-жылдын 15-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, Возносеновка орто мектебинин 40 даана шифери учкандыгы аныкталган.

Жайыл районунда  КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 13-июнь күнү саат 21:00дөн 23:10го чейин Кара-Балта шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал катталган.

2017-жылдын 14-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, Айыл-чарба өндүрүш кооперативинин 4 сарайынын 255 шиферин шамал учургандыгы аныкталган.

Баткен облусу

Кадамжай районунда 2017-жылдын 15-июнь күнү саат 01:05 чамасында Айдаркен шаарында ылдамдыгы секундасына 17-19метрге жеткен шамал катталды.

15-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, Кичи Айдаркен айылынан 7 турак үйдүн сарайынан 53 даана шиферин шамал учуруп кеткен.  

Нарын облусу

Кочкор районунун  Соң-Көл айыл аймагында  2017-жылдын 14-июнь күнү саат 15:30 чамасында жааган жамгырдан Төлөк айылында кыян суулары пайда болуп, айылдан сырткары жайгашкан 1 жеке турак жайдын короо сарайларына суу кирген.

Жана ошондой эле, Төлөк-Сон-Көл унаа жолунун 7-15 чакырым аралыгында 16 жерден коктулардан ылдый сел агындары түшүп, жолду кум-шагылга толтуруп унаа каттамы токтогон.

Жолду тазалоого райондук №14 жол тейлөө ишканасынан  1 жүктөгүч тартылып 15-июнь күнү жолду тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлдү. 2017-жылдын 16-июнь күнү жумуш улантылат.   

Ош облусу

Чоң-Алай районунда  жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга жеңилдик кылуу максатында, цемент жеткирүү үчүн 2017-жылдын 14-июнь күнү  КР ӨКМ Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк  борборунун 5 оор жүк ташуучу унаасына Кызыл-Кыя цемент заводунан 100 тонна цемент жүктөлүп, 15-июнь күнү жеткирилген.

2017-жылдын 16-майынан 14-июнуна чейин жалпы 1562 тонна цемент жеткирилген.

Өзгөн районунда 2017-жылдын 15-июнь күнү Ош мамлекеттик администрациясынан бөлүнгөн 5 тонна цемент, 65 даана электр печканы КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын  1 КамАЗына жүктөп, Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Ынтымак айылынын Жаман-Адыр учаткарсына жана Жалпак-Таш айыл аймагында жер көчкүдөн жабыр тарткан адамдарга жеткирилген.

Жалал-Абад облусу

Аксы районунда 2017-жылдын 4-июнь күнү саат 18:50дөн баштап нөшөрлөп жааган жамгырдан улам облустун аймагындагы Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал жаралган.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 2017-жылдын 5-июнундагы №159-б буйругунун негизинде Аксы районунун аймагына Өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 15-июну саат 08:30дан

2017-жылдын 16-июну саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек  шаары

 

1

3-АӨКБ

1 бөлүм

1

13-00

13-06

13-09

13-27

14-16

101

Никитина  кууш  көчөсү № 44, 15 чарчы метр картон  кагаздары,   таштанды    күйгөн.  Себеби:  тамеки  тартуудагы  этиятсыздык.

1ствБ

2

4-АӨКБ

1 бөлүм

1

14-03

14-12

14-15

14-17

14-47

101

Пушкин менен Бобулов   көчөлөрүнүн кесилишинде  таштанды   таштоочу челекте 4 чарчы метр таштанды күйгөн. Себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй  облусу

 

3

21-АӨКБ

1 бөлүм

1

08-06

08-16

08-30

09-15

09-32

101

Чүй району, Чүй айылы, Пионерская №23,  сарайдын жыгач устундуу шифер жабылган 18 чарчы метр  чатыры,  1 куб отун күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

4

4-ӨКБ

1 бөлүм

1

12-47

13-05

13-20

16-53

17-25

101

Ысык-Ата  району, Ак-Сай   айылы,   Ала-Тоо  көчөсү №30, короодо 600 түк чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

5

33-ӨКБ

1 бөлүм

1

18-55

19-05

19-25

20-10

20-20

101

Ысык-Көл району, Ананьево айылы, Токтогул көчөсү №8, короодо 70 түк чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад  облусу

 

6

20-АӨКБ

1 бөлүм

1

16-26

16-30

16-31

16-46

16-50

101

Жалал-Абад шаары, Кыргыз  Республика  көчөсү, 10 чарчы метр куураган чөп, таштанды күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств.Б

7

20-АӨКБ 1 бөлүм

65-ӨКБ

1 бөлүм

1

17-40

 

17-47

17-55

 

17-59

 

 

18-02

 

 

19-30

19-00

 

19-50

 

101

Сузак району, Барпы айыл аймагы, Комсомол айылы, Жусупов көчөсү №33, 60 чарчы метр жыгач устундуу шифер  жабылган  бастырманын чатыры, 200 түк саман  күйгөн. Себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

3ств.Б

8

60-ӨКБ

1 бөлүм

1

22-47

22-58

23-05

00-30

00-40

101

Токтогул району, Үч-Терек айыл аймагы, Ропкоп  айылы,  Жээналиев  көчөсү,  60 чарчы метр аянтта  курулган  дүкөндүн  ичиндеги  азык-түлүктөр  толугу  менен  күйгөн.  Себеби:   электр  жабдууларын  курууда  эреженин бузулушу.

2ствБ

9

 20-АӨКБ

1 бөлүм

1

22-53

23-08

23-11

23-28

23-58

101

Жалал-Абад шаары, Дача “Рассвет” айылы, Парковая көчөсү №27, турак  үйдүн  20 чарчы метр жыгач  устундуу  темир  жабылган  чатыры  күйгөн.  Себеби: электр  жабдууларын  куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош   шаары

 

10

13-АӨКБ

1 бөлүм

1

16-35

16-40

16-44

16-46

17-28

101

Ж.Раимбеков  көчөсү №20, үйдүн жанында 10 чарчы метр куураган чөп күйгөн.  Себеби: такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен облусу

 

11

76-ӨКБ

1 бөлүм

1

20-09

20-13

20-50

21-08

21-50

101

Кадамжай району, Кадамжай шаары, Северная көчөсү № 21, үйдүн жанында чоң бак күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

12

26-АӨКБ

1 бөлүм

1

03-11

03-31

03-38

04-35

05-12

101

Баткен району, Кара-Бак айыл аймагы, Кара-Бак айылы, Молдо Темиркул көчөсү №27, жети бөлмөлүү турак үйдүн, бир бөлмөсүндө 2 чарчы метр ДВП шыбы, төшөк, жууркан, жаздык, жумшак эмерек күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

2ств.Б

2017-жылдын 16-июну саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Свердлов районунда  КР ӨКМнин Бишкек шаадык Куткаруу кызматынын куткаруучулары  Шопоков көчөсүндөгү №35 үйүнүн  10-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Жалал-Абад облусу

Базар-Коргон районунун Кызыл-Үнкур айыл аймагынын Жаз-Кечүү жайлоосундагы Жинди суусуна Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Алчалуу айылынын тургуну 48 жаштагы Б.М. (аял) ат менен суудан өтүп баратып, агып кеткен.

КР ӨКМнин куткаруучулар №58 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана КР ӨКМнин №78 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Издөө иштери уланууда.

 

2017-жылдын 16-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июнь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы