Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

15.06.2017

2017-жылдын 15-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү

2017-жылдын 15-июнда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2017-жылдын     9-июнь күнү №02-34/403-Т телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

       

Талас облусу

Метеостанциясынын берген маалыматына ылайык Талас шаарында 2017-жылдын 14-июнь күнү саат 17:50дөн 18:40ка чейин шаардын аймагында ылдамдыгы секундасына 22, кээ бир жерде 28 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Жабыркагандар жок.

Жеринде КР ӨКМ шаардык бөлүмүнүн башчысы, №17 АӨКБдөн 4 куткаруучу, Коммуналдык кызматынан 5 адам жана 1 трактор иш алып барышкан.

2017-жылдын 14-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жана КР ӨКМ шаардык бөлүмүнүн башчысы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, шаар боюнча 1 турак үйдүн 50 шиферин, 1 турак үйдүн 84м2 темир калай чатырын, “Талас” электр тармактар ишканасынын күйүүчү май сактоочу кампасынын 75 шиферин жана унаа токтотуучу жайынын 120м2 темир калай чатырын учуруп кеткендиги жана ошондой эле, “Теремок” балдар бакчасынын имаратына терек кулап, имараттын айнектерин сындыргандыгы аныкталган.

Тактоо иштери уланууда.

Нарын облусу

Кочкор районунда 2017-жылдын 14-июнь күнү саат 15:30 чамасында жааган жамгырдан улам Соң-Көл айыл аймагына караштуу Төлөк айылында кыян суулары пайда болуп, айылдан сырткары жайгашкан 1 жеке турак жайдын короо сарайларына суу кирген.

Ошондой эле Төлөк-Сон-Көл унаа жолунун 7-15 чакырым аралыгында 16 жерден коктулардан ылдый сел агындары түшүп, унаа жолду кум-шагылга толтурган. Учурда авто каттам токтогон.

КР ӨКМнин Кочкор районунун бөлүм адиси жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте жеринде абал менен таанышып келишкен. Жолду тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштарына №14 жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылууда.

Жумгал районунун Чаек айыл аймагында 2017-жылдын 13-июнь күнү  саат 16:00 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен колоттордон сел суулары агып түшүп, натыйжада Узун-Булак, Базаркан, Беш-Дөң участкаларында 6 турак-үйдүн короолоруна кирген.

2017-жылдын 14-июнь күнү техникалардын жана жергиликтүү тургундардын аракетинде сел калдыктары толугу менен тазаланып, жумуш аяктаган.

Чүй облусу

Жайыл районунда КР ӨКМнин караштуу Гидрометеорология агенттигинин берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 13-июнь күнү саат 21:00дөн 23:10го чейин Кара-Балта шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал катталган.

2017-жылдын 14-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жана КРнын ӨКМ райондук бөлүмүнүн башчысы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, жалпы район боюнча 2 турак жайдын 23 шифери,  2 орто мектептин 115 шифери учкандыгы аныкталган.

 

Жалал-Абад облусу

Аксы районунда 2017-жылдын 4-июнь күнү саат 18:50дөн баштап нөшөрлөп жааган жамгырдан улам облустун аймагындагы Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал жаралган.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 2017-жылдын 5-июнундагы №159-б буйругунун негизинде Аксы районунун аймагына Өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Авлетим айыл аймагында 2017-жылдын 7-июнь күнү Бүркүт тилкесинде Авлетим дарыясынын деңгээли көтөрүлүп жээкке жакын жайгашкан күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерге жетип калган.

2017-жылдын 13-июнь күнү дарыянын жээгин бекемдөөгө КР ӨКМнен 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жана 1 ХОВО, айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, жумуш толугу менен аяктаган.  

Ош облусу

Чоң-Алай районуна жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга жеңилдик кылуу максатында, цемент жеткирүү үчүн 2017-жылдын 14-июнь күнү  КР ӨКМ өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун 5 оор жүк ташуучу унаасына Кызыл-Кыя цемент заводунан 100 тонна цемент жүктөлүп Чоң-Алай районуна жөнөтүлгөн.

2017-жылдын 15-июнь күнү түшүрүлүп берилет.  

2017-жылдын 16-майынан 14-июнуна чейин жалпы 1562 тонна цемент жөнөтүлгөн.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 17 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 23 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 14-июну саат 08:30дан

2017-жылдын 15-июну саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

3-АӨКБ

1 б

1

17-43

17-51

17-59

18-18

18-29

101

Токтогул көчөсү № 77, жер төлөөдө 2 чарчы метр таштанды күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

2

3-АӨКБ

1 б

1

21-57

22-07

22-11

22-22

23-44

101

Киевский көчөсү №95, көмөк чордону (трансформаторная подстанция) күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ств Б

3

5-АӨКБ 1б

АЛ

ШТАБ

 

22-09

22-18

22-30

22-35

22-32

22-45

 

22-42

23-02

23-57

 

 

 

01-07

00-16

00-16

00-30

101

12-кичирайону, №59 үйүнүн 11-батиринин, эки бөлмөсү, эки балкону, 4 даана эшик, 6 даана терезе, 2 даана сыналгы, муздаткыч, кийим кечелер, кошунасынын балкону күйгөн. Үйлөрдүн  ээси жана өрттүн себеби: такталууда.

2ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

4

2-ӨКБ

1

12-08

12-34

13-16

13-40

14-00

101

Панфилов району, Вознесеновка айылы, Белинский көчөсү, 2-үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган  40 чарчы метр бастырманын чатыры, 150 түк чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

5

21-АӨККБ

1 б

 

1

13-35

13-45

13-50

14-15

14-29

101

Токмок шаары, Киров көчөсү, “Скорпион” аскердик бөлүктүн, атуу аралыгында (стрельбище) 4 га куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

6

15-ӨКБ

1

14-20

14-35

14-40

15-00

15-16

101

Москва району, Беловодск айылы, регионалдык таштанды таштоочу жайда 900 чарчы метр таштанды күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

7

4-ӨКБ

1 б

1

19-07

19-13

19-20

20-20

20-35

101

Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Жаңы конуштар району, ачык аянтта 5 га куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаары

 

8

12-АӨКБ

1

06-20

06-32

 

жеткен. чейин

06-57

101

Атабаев көчөсү №3а, ачык  аянтта 0,6 га куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

    ----

9

12-АӨКБ

1

19-43

19-47

19-46

19-53

20-22

21-48

22-02

21-25

101

Черемушка кичирайону, Краснофлотская көчөсү №15, жыгач устундуу шифер жабылган  аянты  400 чарчы метр бастырманын чатыры, 1 куб отун, эски кийим кечелер күйгөн. Себеби: такталууда.

3ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош  облусу

 

10

25-АӨКБ

1

09-22

09-31

09-34

09-55

10-20

101

Кара-Суу району, Сарай айыл аймагы, Эркин айылы,  Баймуратов көчөсү, короодо 50 боо  чырпык  отун күйгөн. Себеби: такталууда.

3ств Б

11

25-АӨКБ

1

17-31

17-36

17-42

18-11

18-48

101

Кара-Суу району, Кара-Суу  шаары, Оомат базары, ЖЧК “Кыргыз соода биримдиги”,   контейнердин ичинде 300 даана жүгөрүнүн  таякчалары (кукурузные палочки) күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

12

64-ӨКБ

1

22-03

22-17

 

 

23-06

101

Араван району, Чек-Абад айыл аймагы, Толкун айылы, мүрзөдө куураган чөп жөнүндө маалымат түшкөн.

 

13

64-ӨКБ

1

02-04

02-16

02-26

03-21

04-10

101

Араван району, Чек-Абад айыл аймагы, Кызыл-Абад айылы,  2 тонна чөп, 150 боо пахта сабагы күйгөн. Себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу(ээси).

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

14

65-ӨКБ

1 б

20-АӨКБ

1 б

1

11-19

 

11-37

 

 

 

12-05

 

11-47

101

Сузак району, Кызыл-Туу айыл аймагы, Үч-Көз айылы, короодо жыйылган чөп күйгөн, өрт  өчүрүүчү келгенге чейин  өздөрү өчүрүп калышкан.

  ------

15

65-ӨКБ

2 б

 

 

 

1

13-10

13-15

 

 

 

19-38

13-14

13-19

 

 

 

19-42

13-17

 

 

 

 

19-45

13-47

 

 

 

 

20-21

14-10

14-10

 

 

 

20-25

101

Сузак району, Бишкек–Ош жолунун 565-чакырымында “Хово” үлгүсүндөгү  мамлекеттик №D02-12Е жүк ташуучу  унаанын алдынкы бөлүгү (кабина), 4 даана дөңгөлөк, 1 тонна ун күйгөн.  Себеби: автотранспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздугу эреженин бузулушу.

2 ствБ

 

 

 

 

1ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен облусу

 

16

62-ӨКБ

1 б

1

12-00

12-20

12-25

12-35

13-30

101

Кызыл-Кыя шаары, Ак-Булак айыл аймагы, Джинжиген айылы, Достук көчөсү,  жолдун жээгинде 150 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл  облусу

 

17

15-АӨККБ

2 б

 

39-ӨКБ

1

14-32

14-37

 

14-45

 

14-37

14-40

 

14-55

16-25

21-40

22-05

19-00

 

17-55

101

Каракол шаары, Жакыпов көчөсү №51а,  эки кабаттуу үйдүн 800 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры, мончонун жана  жыгач цехтин чатыры, 100  куб тактай, 11 даана тактай чыгаруу станок, 6 даана эшик, 4 даана терезе, 3 даана диван күйгөн. Себеби: такталууда.

3ств Б

2ствА

 

1

Мааламатты  облустук оорукананын  кызматкери билдерди: Ош облусу, Кара-Кулжа району, Биймырза айыл аймагы,  Биймырза айылы,  1984- жылы туулган А.Ж. (аял киши)  от  жагып жатканда отко бензин чачкан, кийимдери  күйүп  2-3 даражадагы денесинен, колунан, бутунан, бетинен 30 % күйүк алган.  Ош облусунун  ооруканасына  саат 13:30да жеткирилген.

 

 

2017-жылдын 15-июну саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунун 4-кичирайонундагы №2 үйүнүн 3-кабатынын балконунан 1983-жылы туулган С.Д. (аял) кулап кетип, жерде жаткан темирлердин үстүнө түшкөн.  КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары темирден чыгарышып, тез жардам кызматерлерине тапшырып беришкен.

Ош шаары

СМУТТ кичирайонунда КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын  куткаруучулары №94 үйүнүн 29-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Токтогул шаарында 2017-жылдын 14-июну күнү саат 10:30  чамасында Ак-Чий көчөсүнүн №16 үйдүн жашоочусу  2015-жылы туулган А.А. (кыз) короодо ойноп жүрүп ажаатканага түшүп кеткен. КР ӨКМнин №97 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кыздын сөөгүн чыгарышып ата-энесине өткөрүп беришкен.

Базар-Коргон  районунун Кызыл-Үнкур айыл аймагынын Жаз-Кечүү жайлоосундагы Жинди суусуна  48 жаштагы  Б. М. аттуу жаран (Сузак району,  Кызыл-Туу айыл аймагы, Алчалуу айылынын тургуну) ат менен  суудан өтүп баратып, агып кеткен.

Издөө иштерине КР ӨКМнин 58-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Издөө иштери улантылууда.

Талас облусу

Талас шаарында шамалдын кесепетинен  Жолдошев көчөсүнүн №59а-үйдүн темир чатыры учуп келип эшиктин үстү жагына илинип калган.

КР ӨКМнин № 17 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  илинип калган чатырды түшүрүп беришкен.

 

2017-жылдын 15-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Сентябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы