Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

13.06.2017

2017-жылдын 13-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү:  Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт!

2017-жылдын 13-15-июнунда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2017-жылдын     9-июнь күнү №02-34/403-Т телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Жалал-Абад облусу

2017-жылдын 4-июнь күнү саат 18:50дөн баштап нөшөрлөп жааган жамгырдан улам облустун аймагындагы Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал жаралган.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 2017-жылдын 5-июнундагы №159-б буйругунун негизинде Аксы районунун аймагына Өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Аксы районунун Авлетим айыл аймагында 2017-жылдын 7-июнь күнү Бүркүт тилкесинде Авлетим дарыясынын денгээли көтөрүлүп, жээкке жакын көмүлгөн, күйдүргү жарасынын очогу жерге жетип калган (көмүлгөн күнү 1984-жылы 27-июлу күнү экспертиза №272, паспорт №55, 50 чарчы метр бетондолгон).

Жээкти бекемдөө үчүн КР ӨКМнен 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жана 1 ХОВО, айыл аймактан 1жүктөгүч тартылып, бекемдөө иш-чаралары уланууда.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 12-июну саат 08:30дан

2017-жылдын 13-июну саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

3-АӨКБ

1 бөлүм

1

13-19

13-25

 

Жетк.

чейин

14-58

101

Абдрахманов  көчөсү №137, “Хас-Ширин” кафеси, ижарачы   З.К.Шайдиллаев, вентиляциянын  ичи  түтөгөн. Себеби: такталууда.

--------

2

7-АӨКБ

1 бөлүм

1

15-36

 

 

 

15-56

101

Каджысай көчөсү №3  өрт жөнүндө маалымат түшкөн, бирок  жолдон кайтышкан.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад  облусу

 

3

55-ӨКБ

1 бөлүм

1

14-12

14-20

14-28

15-45

16-21

101

Ноокен  району, Шайдан  айыл аймагы, Алма айылы, Бакир Уста көчөсү №21, Ээси Ж.Шадыканов,  2 кабаттуу бастырманын жыгач устундуу шифер жабылган 100 чарчы метр чатыры, 4 тонна жыйылган чөп күйгөн. Себеби: балдардын отко менен болгон шоктугу.

2ствБ

4

65-ӨКБ

1 бөлүм

1

16-55

17-02

17-07

17-48

17-57

101

Сузак району, Сузак айылы, Ахунбаев көчөсү №36, ээси   А. Умаров, 40 чарчы метр  жыгач  устундуу  шифер  жабылган  бастырманын  чатыры, 50 түк  чөп  күйгөн. Себеби:  электр  жабдууларын  куроодо  эреженин  бузулушу.

1ствБ

5

56-ӨКБ

1 бөлүм

1

18-48

18-56

19-00

19-25

19-40

101

Ноокен району, Шамалды-Сай  шаарчасы, Заречная көчөсү, эски иштебеген бала бакчанын жанында 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

6

20-АӨКБ

1 бөлүм

1

23-45

23-51

23-50

00-24

00-40

101

Жалал-Абад шаары, аэропорттун аймагында 2,5 га куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

7

70-ӨКБ

1 бөлүм

1

23-06

23-39

23-53

01-40

02-46

101

Аксы району, Кош-Дөбө айыл аймагы, Муратбеков көчөсү №8, ээси У.Нимадижинов, 2 кабаттуу бастырманын 84 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры,  200 түк чөп күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

2ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош  шаары

 

8

12-АӨКБ

1 бөлүм

1

17-40

17-45

 

Жетк

чейин

18-35

101

Черемушки кичи району, Шота  Руставели көчөсү №126, электр шит түтөгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

--------

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен   облусу

 

9

76-ӨКБ 

1 бөлүм

1

20-03

20-08

 

Жетк.

чейин

20-32

101

Кадамжай  шаары, Орозбеков  көчөсү №153, 12 чарчы метр   көмөк  чордондун  жанында  куураган  чөп  күйгөн.  Себеби: электр  жабдууларын  техникалык  пайдаланууда  эреженин  бузулушу

--------

10

62-ӨКБ 

1 бөлүм

1

22-54

22-57

23-05

23-12

23-33

101

Кызыл-Кыя шаары,  Асаналиев көчөсү, №10 үйүнүн 2-подъезинде элекро щит, жыгач эшик, 30 метр электр зымы күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

2017-жылдын 13-июну саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:

Ош облусу

Өзгөн районунда 2017-жылдын 20-май күнү саат 17:00 чамасында Мырзаке айыл аймагынын Адыр айылынын тургуну 1950-жылы туулган А. Т. Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып аты менен кошо Жазы дарыясына түшүп кеткен.

Издөө иштерин 2017-жылдын 12-июну күнү улантылып  КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, бирок натыйжа болгон жок.

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында 2017-жылдын 12-июну күнү саат 10:20да  “Узун-Сай” ЖЧКнун  шахтасына КР ӨКМнин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тосмо (перемычка) орнотуп беришкен.

 

Чүй облусу

Токмок шаарында  КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары М. Горкий көчөсүндөгү “Делика” компьютер оңдоочу ишканасын жабылып калган эшигин ачууга  чыгышкан, бирок ээси эшикти ачууга макул болгон эмес.

Токмок шаарында  КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 1-кичирайонунда №24 үйүнүн 33-батирдин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Кемин районунда Бишкек–Нарын-Торугарт унаа жолунун 113-чакырымында  “Гольф” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S 35-14 АJ унаа жолдон чыгып кеткен.  Куткаруучулар  барганга чейин унаадагы 6 адам райондук  ооруканага  тез  жардам кызматы аркылуу жеткирилген.

 

2017-жылдын 13-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы