Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

12.06.2017

2017-жылдын 12-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү:  Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт!

2017-жылдын 11-15-июнунда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2017-жылдын     9-июнь күнү №02-34/403-Т телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү. 

 

Жалал-Абад облусу

Аксы районунда 2017-жылдын 4-июнь күнү саат 18:50дөн баштап нөшөрлөп жааган жамгырдан улам облустун аймагындагы Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал жаралган.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 2017-жылдын 5-июнундагы №159-б буйругунун негизинде Аксы районунун аймагына Өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

2017-жылдын 7-июнь күнү Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Бүркүт тилкесинде Авлетим дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жээкке жакын жайгашкан күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерге жетип калган (1984-жылы 27-июлу күнү экспертиза №272, паспорт №55 менен бетондолгон жер 50м2).

2017-жылдын 11-июнь күнү дарыянын жээгин бекемдөө үчүн КР ӨКМнен 1 жүктөгүч жана 1 ХОВО, айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, 50 метр жээги бекемделген.

Бекемдөө иш чаралары уланууда.

 

Ош облусу

Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга жеңилдик кылуу максатында, 2017-жылдын 11-июнь күнү Пэрити-Коал ишканасынан 2 ХОВО оор жүк ташуучу унааларына 40 тонна цемент жүктөлүп, жеткирилген.

2017-жылдын 16-майынан 11-июнуна чейин жалпы 1462 тонна цемент жеткирилди.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 11-июну саат 08:30дан

2017-жылдын 12-июну саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек  шаарында өрт кырсыгы катталган жок.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй  облусу

 

1

27-АӨКБ

1 бөлүм

1

07-40

07-48

07-52

08-40

08-50

101

Ысык-Ата  району, Кант  шаары, Дачная көчөсү №3,  жайкы  ашкананын жыгач  устундуу  шифер  жабылган 24 чарчы метр чатыры  күйгөн.  Себеби:  такталууда.

1ствБ

2

24-АӨКБ

1 бөлүм

 

18-25

18-28

 

Жеткенге чейин

19-16

101

Токмок шаары, 1-кичи району, №9 орто мектеби, Спорт залдын жыгач эшиги күйгөн. Себеби: такталууда.

-------

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас  облусу

 

3

17-АӨКБ

1 бөлүм

1

09-25

09-37

18-43

19-50

20-10

101

Талас шаары, Оторбаев көчөсү №1, Коомдук фонд  “Талас  Билимкана”, Иштебеген эт комбинаттын  муздаткыч  бөлмөсү болжол  менен аянты 750 чарчы метр  калыңдыгы 80 см ичи айнек пахтадан, сырты пенопласт менен  капталган дубалы күйгөн. Ал  эми  аталган  мекеменин  7  жумушчусу  жардам  берип  иштешкен.

2ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

4

31-ӨКБ

1 бөлүм

1

12-12

12-32

12-45

13-10

13-35

101

Ысык-Көл району, Бостери айылы, Достук пансионатынын түндүк тарабында, ачык аянта 60 сотка куураган чөп күйгөн.  Себеби: такталууда.

2ств.Б

5

19-АӨКБ

1 бөлүм

1

20-24

20-29

20-40

21-35

22-10

101

Балыкчы шаары,  Мамбеталиева  көчөсү №71,  турак  үйдүн  10 чарчы метр   ДВП  капталган  шыбы, 4-жыгач, 2 устуну  чала  күйгөн.  Себеби:  меш  менен  мордун  туура  эмес  түзүлүшүнөн.

1ствБ

6

15-АӨКБ

1 бөлүм

1

03-17

03-26

03-45

04-15

04-40

101

Каракол шаары, Шелководная көчөсү № 9, жыгач устундуу шифер жабылган мончонун бууланучу жайдын 24 чарчы метр жыгач таарынды (опилки) менен жылууланган  төбөсү күйгөн. Себеби: жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын  облусу

 

7

47-ӨКБ

1 бөлүм

1

21-55

22-10

22-30

23-10

23-50

101

Ак-Талаа  району, Баетов  айылы,  Чек-Сай тилкеси,  120 чарчы метр сарайда казылган  тезек  күйгөн.  Себеби:  тамеки  тартуудагы  этиятсыздык.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаары

 

8

13-АӨКБ

1 бөлүм

 

15-50

15-53

15-57

16-05

16-38

101

Зайнабединов көчөсү, 12-үйдүн жанында 18 чарчы метр темир гараждын ичинде эски матрац, жууркан, 2 даана электр жылыткыч күйгөн. Ээси жана себеби такталууда.

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу

 

9

64-ӨКБ

1 бөлүм

1

16-45

16-49

17-00

17-54

18-20

101

Араван району,  А.Анаров айыл аймагы, Юлдашев  көчөсү №49, аянты 96 чарчы метр эки кабаттуу сарай, 200 түк чөп, 150 түк саман күйгөн. Себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу (тандырга от жаккан).

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен  облусу

 

10

62-ӨКБ

1 бөлүм

1

22-52

22-55

23-00

23-10

23-17

101

Кызыл-Кыя  шаары, 1-кичи  району,  Молодежная  көчөсү,  20 чарчы метр аянтта   таштанды  күйгөн.  Себеби:  такталууда.

1ствБ

2017-жылдын 12-июну саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 2017-жылдын 11-июну күнү саат 11:17де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматнын куткаруучулары 11-кичирайонундагы  №9 үйүнүн 35-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. 

Ош облусу

Өзгөн районунда 2017-жылдын 20-май күнү саат 17:00 чамасында Мырзаке айыл аймагынын Адыр айылынын тургуну 1950-жылы туулган А. Т. Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып аты менен кошо Жазы дарыясына түшүп кеткен.

2017-жылдын 11-июнь күнү  КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган жок.

 

 

Москва районунда темир жолдо жүк ташуучу поезд Спринтерди сүзүп кетти

Чүй облусунун Москва районундагы Аксуу айыл аймагында 2017-жылдын 11-июнь күнү саат 19:30да Кызыл-Дыйкан бурулушундагы темир жолдо жүк ташуучу поезд  “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү  мамллекеттик  № 1215 ID унааны артынан сүзүп, 125 метр аралыка чейин сүйрөп барган.

Спринтердин айдоочусу 1960-жылы туулган К. Д. эч кандай жаракат алган эмес. Куткаруучулар Спринтерди поезден ажыратып беришкен. 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

2017-жылдын 12-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

        

 

Петровск-Забайкальск районунда жол кырсыгынан 11 адам каза болуп 39 адам түрдүү оор жаракат менен ооруканаларга жаткырылды

         2017-жылдын 11 июнь күнү Россия Федерациясынын Петровск-Забайкальск районунда Байкал унаа жолунун 7-чакырымында жол кырсыгы катталган.  

         50 жүргүнчүсү менен бара жаткан автобус жол жээгине чыгып ала салып кеткен.

Алдын ала маалымат боюнча 11 адам каза болуп 39 адам түрдүү жаракат алышкан. 

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Кырсык катталган жерде 100дөн ашуун куткаруучулар жумуш алып барышкан.

 

 

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы