Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Жер титирөө

Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

Эгерде 5-6 баллдык жер титирөө башталса, бул коркунучтуу белги.

9 баллдык жер титирөөнү Рихтер шкаласы, 12 баллдыкты Меркалли MSK-64 аппараты менен ченешет.

Жер титирөөлөрдүн убагында бөөдө кырсыктардын башка себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

-  имараттардын айрым бөлүктөрүнүн урап кулашы;

-   айнектин сыныктарынын кулашы;

-   үзүлгөн электр зымдары;

-   газ жана суу түтүктөрүнүн жарылышы;

-   үй ичиндеги оор буюмдардын кулашы;

-   өрттүн пайда болушу;

-   коркуп дүрбөлөндөн адам кыймыл аракетинин контролдон чыгып кетиши.

 

;Алдын-алуу чаралары

 

- курулган имараттардын дубалдарына, көтөрүп туруучу устундарына, тирөөчтөрүнө өз алдынча кайра куруу, бузуу иштерин жүргүзгөнгө тыюу салынат;

- сейсмикалык жактан туруктуу имараттарды куруу жана мурун курулган сейсмикалык туруксуз үйлөрдү, имараттарды бекемдөө.

Жер титирөөгө кантип даярдануу керек:

- үйдө, транспортто, көчөдө же коомдук жайларда болгон кезде кыймыл-аракеттин планын алдын-ала ойлонуп чыгуу;

- үй-бүлө мүчөлөрүн жана коңшуларды биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө үйрөтүү, зарыл керек болгон учурда газды, сууну, электрди өчүрүүнү баардыгы билиши керек;

- документтерди, акчаны жана зарыл керектүү буюмдарды ыңгайлуу жерлерге кармоо;

- үйдө ичүүчү суунун запасы, бир нече күнгө эсептелген тамак-аштын болушу;

 - уулуу химикаттарды жок кылуу, тез от алып кетүүчү суюктуктарды ишенимдүү жерлерде жакшылап бекитүү.

Жер титирөөнүн пайда болуу коркунучу болгон учурда кабардар болуу:

- радио, теле көрсөтүү боюнча өзгөчө кырдаалдарды башкаруу органдары тарабынан расмий берүүлөрдүн кабарларын дайыма көзөмөлдөп туруу жана дүрбөлөн түшүрбөө;

-   өндүрүштүк жайларда жарыкты, сууну, газды өчүрүп токтотуу жана өрт өчүрүүчү каражатттарды даярдыкка келтирүү, пландаштырылган аракеттерге жамаат менен киришүү;

-  баалуу буюмдар жана документтер салынган сумкаларды алуу жана имаратты таштап, коопсуз жерге кетүү жана андан аркы көрсөтмөлөрдү күтүү.

Жер титирөөнүн белгилери:

- сезилээрлик силкинүүлөр, лампочка жана люстралардын термелүүсү, идиш-аяктардын шарактап калдырашы;

- үй айбандарынын тынчсызданган адаттагыдай эмес кыймыл аракеттери;

- башка добуштарга окшобогон жер алдындагы өзгөчө дүңгүрөгөн үндөр. 

 

Биринчи силкинүүнүн маалыматын алар менен коопсуз жактарга кетип калышыныз керек:

Эгер сиз имараттын ичинде биринчи кабатта болгон болсонуз, сиздин ал жерди таштап чыгып кетүүгө 10-15 секунд убактыныз бар.

 

Жер титирөө пайда болгон учурда

-  өндүрүштүк жамааттын кызматчылары жер титирөө токтогончо, күтүү зарыл болгон жакын жайгашкан коопсуз жерде болууга, балконго, тепкич аянтчаларына чыкпоого, лифтке кирбөөсү керек;

-   имаратта болгон учурда бекем дубалдын көтөргүч балкаларынын алдына, бөлмөнүн бурч жагында же ички эшиктин оюктарында туруу сунуш кылынат.

  Столдун алдына турбаш керек!

Эгерде экинчи жана андан жогорку кабаттарда болуп калсаныз ал жайдан чыгып кетпеңиз, силкинүүлөрдүн бүтүшүн күтүп туруу үчүн өзгөчө коопсуз орунду (квартирада, жумушта) аныктап алыныз.

Оор шкафтардан жана терезелерден алыс болушунуз керек!!

 

Жер титирөө болгондон кийин:

-  сабырдуулукту сактап, тегерегиңизде түзүлгөн кырдаалга баа бериңиз жана кошумча кыйроого алып келүүчү кайталануучу силкинүүнүн сыноосуна даяр болуңуз;

-  жапа чеккендерге жардам кылыңыз, сактоо-куткаруу жумуштарынын жүрүп жатканын угаарыңыз менен мүмкүн болгон ыкма менен добуш чыгаруучу же башка белги бериңиз;

-   эгер сиз урандылардын алдында калсаныз мүмкүн болушунча ыңгайлуу абалды кабыл алыныз, чыдамдуулукту көрсөтүнүз, күч кайратыңызды үнөмдөңүз жана жардам күтүңүз. Мүмкүн болушунча үн коштолгон белгилерди бериңиз, имараттан тышкары болгондо керексиз эле бузулуп калган имараттарга, талкалануу аймактарына кире бербеңиз;

-   тамак аш даярдоо үчүн бузулган газ плиткаларын колдонбонуз, биринчи кезекте тез бузулуп кетүүчү азыктарды колдонуңуз, сууну үнөмдөңүз.

Эгер Сиз сыртта жүргөн болсоңуз:

-  имараттардан жана электр өткөргүч линияларынан алыс болуңуз. кулап түшүп жаткан сыныктардан алыс болуңуз;

-   ири көлөмдүү айнек витриналардан жана терезелерден, кирпичтен жасалгаланган үйлөрдөн, бийик эмеректерден, чоң картина – сүрөттөрдөн жана күзгүлөрдөн алыс болуңуз.

 

 

 

 

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Сентябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы