Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Министрлик жөнүндө

         -  1990-жылдын 15- декабрында СССРдин министрлер кенеши тарабынан “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдагы аракет боюнча мамлекеттик жалпы сөздүк тутумду түзүү”  жөнүндө токтом кабыл алынган.

         - Бул токтомду өнүктүрүү багытында 1991-ж. 1- июлунда Кыргызстан Республикасынын министрлер кабинети өзгөчө кырдаалдар боюнча дайымкы орган катары Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетин түзүү жөнүндө токтом кабыл алган.

         - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 1991-ж. 8- августундагы № 271 буйругу менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиясы 1992- жылдын 6-январында Кыргыз республикасынын министрлер кабинетинин Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиясы Президенттин № ПЖ-4 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиясы болуп кайрадан түзүлдү. 1993-ж. 27- майында Кыргыз Республикасынын Президентинин № VII- 153 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссиясынын курамына жарандык коргонуу башкармалыгы өткөрүлүп берилди жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча мамлекеттик комиссиясы болуп кайрадан түзүлдү.

         - 1996-жылдын 2-мартында Президенттин № ПЖ-45 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  карамагындагы Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча мамлекеттик комиссиясы Өзгөчө Кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюча министрлик болуп кайрадан түзүлдү.

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997- жылынын 11- ноябрындагы № 207 токтому менен бардык эски СССРдин Көмүр өнөр жай министрлигинин курамында турган аскерлештирилген тоо-кен кырсыгынан куткаруу  бөлүктөрү Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча министрлигинин курамына өткөрүлүп берилди.

         - 2000-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин №363 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо министрлигинин,  Кыргыз республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча министрлигинин, Кыргызгидромет жана Кыргыз Республикасынын карамагындагы токой чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар жана Экология министрлиги түзүлдү.

         - 2005-жылдын 15-октябрында Президенттин № ПЖ- 462 жарлыгы менен Өзгөчө Кырдаалдар жана Экология министрлиги Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги болуп кайрадан түзүлдү.

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы